Üyelik Girişi
Başlıklar
Site Haritası
Ziyaret Bilgileri
Aktif Ziyaretçi2
Bugün Toplam94
Toplam Ziyaret457316

Kırgız Koomçulugunda Dindin Ordu

Kırgız Koomçulugunda Dindin Ordu

 

Кыргыз эли, IX кылымдан тартып Исламды кабыл ала баштаган турк урууларынын бири болуп саналат. Кыргыздардын исламдашуу процессинини канчанчы кылымга чейин улантылгандыгы жонундогу талаш-тартыштарга бул макаламда орун берууну каалабадым. Бирок бул уруунун мусулман болуусун башка турк урууларынын мусулман болушунан озунчо болуп кароону туура эмес деп эсептеймин. Муну менен бирге бул проблема кыргыз элинин отурукташуу процесси, башкача айтканда Енисейден Орто Азияга кочуу процессинин журушу менен тикеден-тике байланыштуу. Кайсы кыргыз урууларынын кайсыл маалда жер которгондугу жана Ферганада, чыгыш Туркистанда жана Памир аймагында кайсы мезгилдерде отурукташкандыгы аныкталган учурда гана бул маселе оной чечилет.
Урматтуу ректор, урматтуу элчи, урматтуу областын акими, урматтуу басма создун окулдору, кымбаттуу кесиптештерим жана меймандар.            Созумун башында «Куттуу Жумалык» майрамынын Кыргызстан калкына турк жана Ислам дуйносуно, айрыкча буткул адамзатка жакшылыктарды алып келуусун Алла Тааладан каалайм.        

Кыргыз эли, IX кылымдан тартып Исламды кабыл ала баштаган турк урууларынын бири болуп саналат. Кыргыздардын исламдашуу процессинини канчанчы кылымга чейин улантылгандыгы жонундогу талаш-тартыштарга бул макаламда орун берууну каалабадым. Бирок бул уруунун мусулман болуусун башка турк урууларынын мусулман болушунан озунчо болуп кароону туура эмес деп эсептеймин. Муну менен бирге бул проблема кыргыз элинин отурукташуу процесси, башкача айтканда Енисейден Орто Азияга кочуу процессинин журушу менен тикеден-тике байланыштуу. Кайсы кыргыз урууларынын кайсыл маалда жер которгондугу жана Ферганада, чыгыш Туркистанда жана Памир аймагында кайсы мезгилдерде отурукташкандыгы аныкталган учурда гана бул маселе оной чечилет. Буга карабастан «Куттуу билим» аттуу чыгарманы жазган Жусуп Баласагындын кыргыздардын арасынан чыгышы жана  кыргыз элине таандык «Манас» эпосунун турк-ислам адабиятында орчундуу орунга ээ экендигин эске алганда  кыргыздардын IX кылымдарда Ислам динин кабыл алышкандыгы, Йесевий дервиштери жана айрым мистикалык агымдар аркылуу бул  процессти  башынан откоргондуктору жана Ислам маданиятына  чон салым кошкондуктары ачык-айкын. Ошондуктан кыргыз элинин Исламды кабыл алуусу жана ислам маданиятына кошкон салымы калыс (объективдуу) жана илимий методика аркылуу изилденуусу зарыл. Озгочо кыргыз калкынын арасында азыр да  жашап жаткан оозеки чыгармачылыкта, «Манас» эпосунда жана башка тарыхый чыгармаларда бул маселеге тийешелуу  коптогон  маалыматтар бар. Бирок кандай  болсо да алардын диний ишенимдеринде турктордун традициялык ишенимдеринин кээ бир калдыктары болсо да, бугун  Тенир тоолорунда, Памир аймагында, Чыгыш Туркистанда жана Ферганада жашаган кыргыздардын баары оздорун мусулман жана ислам маданиятынын мучосу катары эсептешет. «Манас» эпосун озунун руханий маданияты деп эсептеген ар бир кыргыз, озун ислам маданиятынын мучосу деп эсептоодо. Анткени бул эпосто орун алган каармандар жана баатырлар, ислам каармандарынан жана баатырларынан деп эсептелуудо.         

Бул эпосто Турктордун тарыхтагы баатырдык сапаттары мусулмандын баатырдык сапаттары менен шайкеш экендиги талашсыз. 70-жыл  окум сургон акыркы атеистик пропаганда мезгилинде да коптогон иш-аракеттерге карабастан исламдык кулк-муноз жоюлбады.        

Кыргыз элинин азыркы учурдагы социалдык турмушун иликтегенде, каршы чыксак да, кабыл алсак да тарыхта болгондой бугун дин реалдуу чындык. Анын турдуу таасирлери социалдык турмуштун ар кандай жактарында ырасталган. Баланын торолушунон кийин ат коюу, кулагына азан айтуу, суннотко отургузуу, куда тушуу, уйлонуу, ыйык жерлерди зыярат кылуу, маркумду узатуу боюнча диний каада-салттар, тажияга баруу, адам олгондон кийин учтук, бейшембилик, жетилик, кырктык, жылдык маарекелер, эскеруу, аш беруу, кундолук тамактануудан кийин жана меймандардын тосууда жана узатууда кылынган дубалар, орозо, орозо айында жарамазан айтуу салт- санаасы, каарыларга (куран жаттаган адамдарга) корсотулгон сый-урмат, ажыга барып келгендерге карата корсотулгон таазим, уй-салуу учун уюштурулган куттуктоолордун баары диний майрам катары каралууда. Союз маалында тыюу салынган, уу деп эсептелген, ыйыктыгы жоготулууга аракеттенилген жана фольклордук- этнографиялык нерсе сыяктуу коростулгон дин  жана анын жол-жоболору алгачкы этапта  динге байланыштуу болбогон улуттук урп-адаттардын ичинде сакталуу менен аткарылып келген. Азыркы учурда диний ибадаттарды аткаргандардын жана динчилдик денгээли томон болсо дагы кун откон сайын орозо кармагандардын, намаз окугандардын саны кобойуудо, аны менен бирге коптогон мечиттер жана медреселер ачылууда.          Эгемендуулукко ээ болуу менен Дин тутуу эркиндиги конституция тарабынан гарантияланды, Кыргызстанда диндер учун жаны бир доор башталды. Ал эми кыргыздардын ата-бабаларынын динине каршы кээ бир секталар жана месхептер бул аймакта ото активдуу иштерди баштап белгилуу бир даражада оздоруно кээ бир адамдарды тарта алышса да, бул улуттун традициялык дини болгон жана урп-адаттары, макал-лакаптары менен шайкеш болгон Ислам дининдей таасирдуу боло алышпагандыгы баарыбызга белгилуу. Ошондуктан Ислам дини тарыхтагыдай эле учурубузда да кыргыз жана башка Орто Азия элдеринин маданиятташуусунда жана осуп-онугуусундо  маанилуу бир ролго ээ боло алабы ? Же болбосо кээ бир мусулман олколордогудой, саясий жана коомдук проблемалардын себептеринин бироосу болуп калабы? Жогорудагы суроолорго жооп беруу максатында бул аймакта жана Кыргызстандагы диний турмуштун жана маданияттын борбору болуп эсептелген Фергана орооонундо диний месхептердин тарыхынан кыскача маалымат бермекчимин.        

Орто Азия мусулмандардын кол астына киргенден кийин бул аймак Эхли Суннот вал жемааттын борбору  болуп, ислам  укугу жана ишеними боюнча Имам Аазам Эбу Ханифе  жана Абу Мансур ал- Матуридинин коз караштары бардык турк уруулары тарабынан жактырылган. Бул месхепден башка ар кандай ислам агымдарынан болгон муржие, хоорижилик, мутазиле, шиа (12 имамие шиасы жана Исмаилик) Асхабу Хадис жана Эшарилик сыяктуу бир топ месхеп оз иш-аракетерин жургузгон болсо да, алардын бироо дагы узак моонотко окум суро алган эмес. Ал эми мистикалык тушунук боюнча Эхли- Суннот вал Жамаат чойросунон келип чыккан Яссевийлик жана Накшибендилик сыяктуу суффизм жана анын агымдары устомдук кылып турган. IX жана XIV- кылымдарда Фергана жана айрыкча Ош, Орто Азиянын теология, Ислам укугу жана башка Ислам билимдеринин борбору болгон. Анын устуно XIX-кылымдын аягы жана ХХ-кылымдын башында да Фергана Орто Азиянын диний турмушунда отот маанилуу орунга ээ болгон. Анткени бул ороон мистикалык агымдардын иш аракеттеринин эн маанилуу борбору болгон. Молдолор Кыргызстандын башка аймактарына Фергана ороонундогу медреселерден, дербиштер жана эшен- калпалар ушул мистикалык борборлордон жонотулгон.        

Кыргыз элинин диний тушунугундо татар молдолордун, чыгыш Туркистандан келген молдолордун таасири коп болсо да, бирок Ферганадагы  медреселерден осуп чыккан молдолордун таасирлери алардыкына караганда кучтуу болгон. Шиа, Исмаилий Агахандар, ахмадийлик, Вахабизм сыяктуу месхептер, Хизбут-Тахрир жана башка диний жамааттар Фергана ороонунун тарыхый жана географиялык озгочолукторуно байланыштуу Ферганага аябагандай коп конул бурушкан. Акыркы учурларда бул ороон Хизбут- Тахрир аты менен иш-аракеттерин жургузгон уюм тарабынан борбор катары тандалып алынган сыяктуу корунот. Ошондуктан алар Озбекстандагы окуялардан кийин озунун иш-аракеттерин Кыргызстандын территориясына которуулары мумкун. Ферганада болуп откон окуялар бардык аймакка оз таасирин тийгизбей койбойт.        

Исламдын кыргыз элинин экономикалык жана маданий жактан осуп-онугуусуно тийгизген он таасирин сактоо учун жана Вахабизм, Хизбут Тахрир сыяктуу диний фундаменталистик аракеттердин элге тийгизген терс таасирлерине жол бербоо учун мына бул нерселерге конул буруу зарыл:

1. Кыргызстандагы кээ бир адамдар ислам динине орто кылымга таандык болгон коз-караштар менен, кээ бироолору болсо атеистик коз-караштары менен мамиле кылууда. Бул эки коз-караштын жокко чыгарылышы зарыл. Себеби динди тануу тарых лабораториясында сыноодон отуп жана туура эместиги белгилуу болду. Адамдардын динсиз жашоосу мумкун эмес. Ошондуктан диндин реалдуу чындык экендиги кабыл алынуусу керек. Андыктан диндин негизги жол- жоболору, принциптери, калктын муктаждыгы эске алып учурдагы шартка ылайыкташтыруу зарыл.        

Универсал дин болгон Исламдын теориясында ушул озгортуулорду жасоого мумкунчулук бар. Себеби Ислам аябагандай реалдуу, динамикалуу жана жанылыктарга мумкунчулук берген дин болуп эсептелет. Ислам теориялык жактан да, практикалык жактан да  жашоого болгон коз-карашы да социалдык жана маданий шарттарга  ошондой эле айырмачылыктарга ылайыкташууга мумкун болгон  касиетке ээ. Бирок диний тушунукто ушундай жанылоо иштерин жасай турган адистерге жана теологдорго аябагандай чон муктаждык бар. Булар болсо исламдын тупку булактарын жакшы билген, педагогика жана айрыкча дин педагогикасын, дин социологиясын, дин психологиясын жана дин философиясын окуган «Дин Тануу»  факультетин бутургон адамдар болуулары зарыл.

2. Диний баалуулуктардын жанылануусу, анын туура тушунулушу, тушундурулуусу жана окутулуусу менен ишке ашмакчы. Себеби дин ото кылдаттыкты талап кылган система. Бир мамлекеттин материалдык жана рухий онугуусу бирдей калыптандырылса гана ийгиликке жетишебиз. Моралдык онугуу да диндин туура уйронуулусу жана уйротулуусуно байланыштуу. Ошондуктан диний таалим-тарбия системасы билим беруу реформасынан сыртта калбоосу зарыл. Ушул себептен диний таалим-тарбия берген медреселерде окуу программасы, окутуучулардын билим денгээлин жогорулатуу жана окуу шарттарын жакшыртуу боюнча реформа жасалуусу керек. Эгерде диний ан-сезим жана тушунуктор  учурга  ылайыкташтырылбаса, эски классикалык булактардагыдай кайталанса, бугунку Афганистандагы Талибандарга окшогон кыймылдар бул аймакта да пайда болушу мумкун.

3. Диндин саясатташтырылбоосу учун керектуу иш-чараларды аткаруу зарыл. Азыркы цивилизациялык доордо мусулман дуйносун бир гана падыша тарабынан же халифалык жол менен башкаруу мумкун эместигин жана учурга эн ылайыктуу  система демократия экендигин элге кенири тушундуруубуз абзел.

 Айрыкча окмот башчылары да динди  оздорунун саясий кызыкчылыктары  учун колдонбоолору керек. Кыргызстан башка мусулман мамлекеттеринин диний тажрыйбаларынан жана илимий онугуусунон пайдалануусу зарыл. Бирок динди саясатташтырган мамлекеттер менен болгон диний байланыштарды тузуудо ото кылдаттык менен мамиле кылуу зарыл. Эгер мындай болсо алардын тарбиясын алган окуучулар келечекте татаал проблемалардын чыгышына себепкер болушу мумкун. Азыркы учурда илимий чойродо Орто Азияда диний модел катары Иран модели, Сауд Араб модели  же Туркия модели кабыл алына тургандыгы жонундо коптогон талаш-тартыштар бар. Бирок менин оюмча Орто Азия учун алгачкы экоосунун модел алына турган болбосо коптогон татаал проблемалар пайда боло тургандыгына ишенем. Ал эми Туркия модели айта турган болсок, Орто Азия турк жумурияттары андагы дин илимдеринин онугуусунон пайдаланып оздоруно ылайыктуу моделди оздору  тузулуулору керек.

4. Исламдын дуйного болгон коз караштарын жана анын негизги  принциптерин камтыган китептер дин боюнча адистер тарабынан даярдалып элге туура маалымат берилиши керек. Азыркы учурда кыргызстанда диний тушунукко таасирин тийгизген китептер орто кылымдарда жазылган же чет тилдерден куоторулган китептер болуп эсептелет. Озгочо кээ бир экстремистик агымдар оз китептерин кыргыз, озбек, тилдерине которуп элге чон таасир тийгизгип жатышат. Анын натыйжасында башка аймактарда болуп жаткан саясий чыр-чатактар диний келишпестиктер ушул китептер аркылуу ушул аймакка да кочушу мумкун. Ошол себептен диний тушунукторду жаныдан калыптандыруучу булактар оригиналдуу жана бул аймактын шарттарына ылайык кайрадан жазылуусу абзел. Албетте эн мурда Куранды кыргызчага которулуу керек.

5. Медреселердеги окутуучулардын жана мечиттердеги дин кызматкерлерин квалификациясыны жогорулатуу курстарынан билим алуусуна зарылчылык бар. Себеби сырттан келип иш-аракет жасаган радикалдык агымдардын биринчи максаты эл арасында авторитети таасири чон болгон молдолорго таасир этуу болуп эсептелет. Ошол себептен алардын диний билимдериндеги кемчиликтерин толуктап, ушул аймакта аракеттенген дин, мезхеп же башка агымдар жонундо кенири маалымат беруу зарыл.Ушул максатта Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультети, акимчилик жана казыят менен бирге 3 жолу ушундай курстарды уюштурду жана изилдоолордун натыйжасында алардын пайдалуу, таасирлуу болгондугуна ынандык. Чындыгында дин кызматкерлеринин бардыгынын жана медреселердеги мугалимдердин ушул курстардан отуулорунун зарыл экендигин белгилейм.

6. Орто окуу жайларынын окуу программаларнына дин тарыхы жана ыйман сабактарын киргизип бул сабактарды окутуу учун теология факультетинин бутуруучулорунун дайындалуусу пайдалуу болмокчу.        

Эгерде теология факультети сыяктуу мамлекеттин атайын окуу жайларынан буткон окутуучуларга мумкунчулуктор берилсе жаштардын жана жалпы эле адамдардын динди туура уйронуулоруно жол ачылат. Алардын башка дин жана месхептерине отуп кетуусуно богот болот. Ушул максаттарга жетишуу учун жогорку билимге ээ болгон дин тануу адистери тарабынан жогорудагы айтылган предметтердин программалары иштелип чыгып, ал программага ылайык китептер жазылуусу керек. Ошентип Кыргызстанда дин биримдиги бузулбайт. Эгер андай болбосо диний сабатсыздыктын натыйжасында ата-бабаларыбыздын дининен чыгып башка дин жана секталарга отуп кеткен адамдардын саны кобойуп кетиши мумкун. Бир мамлекеттеги кутуусуз диний озгоруулор коптогон саясий жана социалдык чыр-чатактарга себеп болмокчу. Анын алдын алуунун чаарасы жаштарга оз диндери жонундо туура маалымат беруу болуп эсептелет. Бул чаралар аткарылган учурда Ислам Кыргызстандын материалдык жана руханий онугуусу учун негизги туртку боло тургандыгына жана Кыргыз эли мурдатан тутунуп келген «Ахли суннот вал жамаат» тушунугуно каршы келген «Вахабизм», «Хизбут-Тахрир» сыяктуу экстремисттик агымдардын жана фундаменталисттик айрым христиан секталарынын Кыргызстанда оздоруно жактоочулар таба албай тургандыгына терен ишенем.        

Кыргыз Мамлекети теология факультетин ачуу менен бирге жогоруда айтылган ой-максаттарды ишке ашырууда биринчи кадамын койду. Ушуну менен Кыргыз мамлекети конушу мамлекеттерге салыштырганда алдыда жана аартыкчылкка ээ деп эсептеймин. Мындан кийинки диний абалды жакшыртуу теология факультетинин бутуруучулорун максатка ылайыктуу пайдалануу жана аларды татыктуу иш орундары менен камсыз кылууга байланыштуу. Баарыныздарга конул бурганыздар учун чон рахмат.
 

 

 


Yorumlar - Yorum Yaz
Takvim
Saat