Üyelik Girişi
Başlıklar
Site Haritası
Ziyaret Bilgileri
Aktif Ziyaretçi2
Bugün Toplam94
Toplam Ziyaret457316

İslam Dini ve Türkler Üzerindeki Etkileri

İslam Dini Cana Türk Uluttarına Tiygizgen Tasirleri

Ислам созунун мааниси  тынчтык, коопсуздук,  моюн сунуу, баш ийуу деген маанилерди берет. Ал эми терминалогиялык мааниси, бутун пайгамбарлар тарабынан баяндалган илахий же тенирдик диндин жеке аты. Башкача айтканда Ислам пайнамбарыбыз аз.Мухаммеддин адам затты бул дуйнодо жана тигил дуйнодо бактылуу кылуу учун кудайдан алып келген универсалдык негиздердин жыйнагы. Арабстанда пайда болгон бул диндин жолдоочулары азыркы учурга чейин мусулман наамы менен таанылган. Бугунку учурда дуйно калкынын 23%нин дини Ислам. Бул диндин пайгамбары  аз. Мухаммед, ыйык китеби Куран, негизги принциби жалгыз кудайга ишенуу маанисине келген «Тавхид». Ислам Дини жана Турк Улуттарына тийгизген таасирлери

1. Ислам дини деген эмне ? 

Ислам созунун мааниси  тынчтык, коопсуздук,  моюн сунуу, баш ийуу деген маанилерди берет. Ал эми терминалогиялык мааниси, бутун пайгамбарлар тарабынан баяндалган илахий же тенирдик диндин жеке аты. Башкача айтканда Ислам пайнамбарыбыз аз.Мухаммеддин адам затты бул дуйнодо жана тигил дуйнодо бактылуу кылуу учун кудайдан алып келген универсалдык негиздердин жыйнагы. Арабстанда пайда болгон бул диндин жолдоочулары азыркы учурга чейин мусулман наамы менен таанылган. Бугунку учурда дуйно калкынын 23%нин дини Ислам. Бул диндин пайгамбары  аз. Мухаммед, ыйык китеби Куран, негизги принциби жалгыз кудайга ишенуу маанисине келген «Тавхид». 

2. Исламдын максаты  жана адам укуктары 

Ислам буткул адамдардын ортосундагы этникалык, диний жана саясий келишпоочулукторду жок кылып аларга тынчтыктын жана бактылуулуктун жолдорун корсотуу учун келген. Ушул себептен бул диндин аты тынчтык маанисинде колдонулган ислам. Ал эми аз.Мухаммедге «ишеничтуу» деген наам берилген. Бул диндин негизи тынчтык болуп саналат. Ушул себептен зарыл эмес учурда согушууга жана адам олтурууго эч кандай уруксат берилген эмес. Анын ыйык китеби куранда, бир жандыкты олтуруу бардык (бутун) жандыктарды олтуруу менен барабар болгондугун айтылат. Ошол себептен анын  негизинде терроризм, зордук-зомбулук жана радикализм жок. Максаты инсандарды жашоосунда  жана олгондон кийин бактылуу кылуу алардын диний проблемаларын чечуу, Алахка кантип эн туура сыйынуу жана ибадат кылууну, бири бирине болгон мамилелерин уйротуу. Анын эн негизги максаты адамдын жалпы укуктарын жана эркиндигин коргоо ислам жогорудагыларды беш тайпа менен тушундурот: 1. Дин тутуу жана соз эркиндигин коргоо;2. Адамзаттын жашоо укугун коргоо;3. Адам акылын жана сыймыгын, абройун маанисин коргоо;4. Адамзаттын келечек муунун жана ар-намысын коргоо;5. Адамдын мал-мулктук укугун коргоо:                      

Ушуларга караганда ислам дини жалан эле мусулмандардын коопсуздугун жана тынчтыкта жашоосун карабастан ошону менен бирге мусулман  болбогондордун да коопсуздугун жана тынчтыкта жашоосун коздогон дин. Исламдын максаты жоопкерчиликтуу, адамгерчиликтуу, ийгиликтуу, тынчтыкты жана эмгекти суйгон, озуно мамлекетине жана бутундой адамзатка пайдалуу кишилерди даярдоо. 

3. Исламдын ыйык Пайгамбары Аз. Мухаммад                        

 Ислам пайгамбарынын аты аз. Мухаммед  болуп, ал 571-жылы бутпараст ишенимин окум сургон Арабстандын Мекке шаарында жарык дуйного келген. Атасы Абдулла, ал тороло электен бир канча апта мурда кайтыш болгон. Ал торолгондон кийин аны чон атасы Абдулмиталип багууну мойнуна алды. Ал сегиз жашка барганда энеси Амине жана чон атасы Абдулмиталип менен да кош айтышты. Балалык чагынан эле жетим калгандыгына байланыштуу иштоого мажбур болду Чабандык кылды, соодагерлик менен алектенди. Ал 25 жашка чыкканда ар намысы жана байлыгы менен таанылган. 40 жаштагы бир жесир аял менен уйлонуп, бактылуу турмуш откорду. Уйлонгондон кийин кыска бир моонот соодагерлик кылды. Ал соодагерлик учурунда (кесибинде) эч бир кыянатчылык жасабады, ошол себептен «ишенимдуу адам» наамын алган.                       Турмушунда ичимдик ичпеди, зына жасабады жана абийирсиздик (адеп-ахлаксыздык)кылбады, эч бир убакыт буттарга сыйынбады, жалгыз кудайга ишенди. Ал акылдуу, зээндуу, туура, намыской,зордук-зомбулукка каршы чыккан, ар бир адамга жардам берген. Ушул себептен кудайдын уйу катары таанылган ыйык Каабаны ондолуусунда араб урууларынын арасында ортого чыккан келишпоочулукту жоюу анын ортомчулугу менен ишке ашты. Ал 40 жашка чыкканда Кудайдын элчиси чечилип кудайдын пайгамбары болду. Окууну, билим алууну буйрук кылган аяттарды тушурду. Ал бул алынган аяттарды  айлана  чойросундогу адамдарга кемчиликсиз так жана туура баянданды. Булардын бардык жыйындысы учурда колубуздагы ыйык Куран китебинде топтолгон. Ал кудайдын бул буйруктарын же Исламды уй-булосуно, жакындарына, айланасындагыларга,  Арабстанга жана буткул дуйного жайууга аракет кылды.  Пайгамбарлыгынын алгачкы  он жылдан ашыгын Меккеде, калган жылдарын Мединада откозду. Аз.Пайгамбарыбыз 632-жылында, 63 жашында Мединада жарык дуйнодон кайтты. Бир топ тоосколдуктарга, кыйынчылыктарга карабастан 23 жылдык пайгамбарлык моонотундо чон ийгиликтерге жетишип учурубузда да ишке ашпаган бир революция жараткан. Анын жашоосу  жамандыкка жана ишенимсиздикке каршы курошуу менен отту. Анын алып келген Ислам дини менен натыйжасында адамзат оз абройуна ээ болду.Арабдардагы кыз бобокторду олтуруу адатынан, аялдар зомбулуктан, кембагалдар эзилуудон куткарылган. Ошол себептен Америкалык ойчул Майкл Х.Харт «Адамзат тарыхында эн таасирдуу 100 киши» аттуу тарыхый эмгегинде биринчи орунду аз.Мухамедке берип томондогу созду айткан  «аз.Мухамед, адамзат тарыхындагы эн улуу инсан».  

 4. Исламдын ыйык китеби  Куран                       

Куран 23 жылдык пайгамбарлык моонотундо кудай тарабынан Аз.Мухамедке берилген ыйык создордон турган, ыйык бир китеп болуп эсептелет. Куран бардыгы 114 сурону жана 6600дон ашык аятты ичине камтыйт. Аз.Пайгамбар тушкон аяттардын созмо-соз адамдарга айтып жана бардыгын катчыларына  жаздырган. Ошондой эле чойросундогу коптогон момун- мусулман адамдар тарабынан жатталган. Пайгамбар коз жумгандан кыска убакыттан кийин аяттардын бардыгы топтолуп Куран болуп жазылып кобойтулду. Натыйжада Куранга  эч кошумча-алымча болбостон бугунку кунубузго чейин озгортулбой келди. Ушул учурда  дуйнодо эн коп окулган жана эн коп тилдерге которулуп басылган китептердин башында турат. Куран негизинен диний адеп-ахлактык жоболор жана эрежелер китеби болуп эсептелет. Ал физика, химия, астраномия, философия, тарых, укук китеби эмес. Бирок анын ичинде бул илимдерге тиешелуу темаларга аз болсо да орун берилген, алардын эч биринде учурдагы илимдердин негиздерине шек келтирген жана терс тушкон эч бир нерсе жок. Ага кошумча учурдагы илимдердин онугуусунун натыйжасында  куранды тушунуу женилдоодо. Куранда «Кудайдын бир  экендигине ишенуу» темасына озгочо орун берилген. Куран адамдарга оз денесинде , жерде, асманда жана буткул ааламдагы гармония же система жолунда кенири ойлоп,  акыл калган кудайдын бар экендигин корсотууну максат кылган. Андан кийин ал ишенуу, ибадат кылуу жана буткул адамзат тарабынан урматталган адеп-ахлактык эрежелерди аткаруу керек экендигин баса белгилейт. Анын ичинде коомду кайра куруу жана бактылуу коомду калытандыра турган социалдык, маданияттык коптогон эрежелерди да камтыйт. Булардын эн маанилуулорунун башында томонкулор орун алган:- Кембагалдарга, кедейлерге, бей-бечараларга жардам беруу, буткул адамдарга мээримдуулук, ата-энеге моюн сунуу, себепсиз кан токпоо, калп суйлобоо (айтпоо) ушакчылык, чагымчылык, уурулук, зына кылбоо, адилетсиздик, зордук-зомбулук, кыянатчылык кылбоо, убаданы аткаруу, адамдардын конулун калтырбоо, адамды мас абалына келтирген ичимдик жана наркотикалык заттардан ыраак болуу, соодада алдабоо, эч кимге  жамандык корсотпоо, адилеттуулукту коргоо, арам жебоо жана башка ушул сыяктуу универсал эрежелер. 

5. Исламдын ыйман жана ибадат негиздери 

Ислам негизинен адам затты кудайдын жалгыз экендигине, аз.Мухаммед анын элчиси жана пендеси болгондугуна жана олгондон кийинки жашоо маанисинде болгон акыретке ишенууго чакырат. Буларга кошумча кудай тарабынан жонотулгон буткул китептерге, буткул пайгамбарларга, периштелерге жана ааламдагы системанын кудай тарабынан коюлгандыгына, башкача айтканда тагдырга ишенууну да камтыйт. Бул ишенисчтер буткул пайгамбарлар учун бирдей, эч бир убакыт озгортулгон эмес. Анткени исламда ишенич негиздерин тандап коюу жалгаз Кудайга гана тиешелуу. Кудай аларды ачык айкын ыйык китеби куранда баяндаган. Кудайдан башка эч бир адам жана эч бир коом ишенич негизин коюууга  кучу жетпейт, себеби исламда христиандыкта болгондой диний катмар жана руханий авторитет жок. Исламда ишенич негиздеринин тасдыкталуусу  учун алардын туура болуусу зарыл. Ар бир адамдын момун мусулман болуусу учун анык зордук-зомбулуксуз оз каалосу менен чын журоктон шексиз жана чындап кабыл алуусу абзел. Бул шарттардан кийин момун-мусулман болот. Исламдын ибадаттары жана жол-жоболору бул ишенич негиздерине таянат. Ар бир адам жасаган куноосу менен кудайга жооп берет. Куноолордон куткарылуунун биринчи жолу эч кандай ортомчу койбостон туздон-туз кудайга тобо келтируу.                     

  Исламда  парз болгон негизги ибадаттардын башында, кунуно беш убак окулган намаз, жылына бир ай тутулган орозо, дин тарабынан бай деп эсептелген адамдардын омурундо бир жолу Меккедеги кудайдын уйу Каабага ажылык кылуу жана байлардын мал-мулкунон 1/40 (кырктан биринин) бей-бечараларга зекет катары беруу орун алат. Акылдуу жана балагатка жеткен ар бир эркек, аял бул ибадаттарды аткарууга милдеттуу. 

6. Ислам дининин озгочолуктору                       

Анын негизи чыныгы билимге таянат. Исламда эгер бир нерсе туура болсо ошого ишенуу буйрулган. Бул динде  христиан жана индуизмде болгондой дуалистик тушунук  же кудайды уч деп билуу сыяктуу шек (ширк) келтируу жок. Ислам озунон мурдагы, кудай тарабынан жонотулгон Христиандык жана  Иудаизмдин бузулбаган негизги жактарын озунун ичине камтыйт. Ислам атам замандан бери  ишенич  системасы бузулбастан азыркы кунубузго чейин жеткен (келген) бир гана дин болуп эсептелет. Исламдагы ишеним негиздери жана дин терминдери жонокой, макул, кучтуу жана ачык-айкын. Аларды тушундуруу жана кабыл алуу женил. Христиандыкта ар бир адам дуйного куноолуу болуп жаралат, ал эми Исламда болсо ар бир адам куноосуз болуп дуйного келип, ошону менен бирге ар бир адам эркин  жана акылдуу, эч ким башка бироонун жасаган куноосу менен куноолонбойт. Ар бир адам озунун жасаган иштеринен жоопкер. Куноо жана жаза жасаган адамга гана тиешелуу. Ислам бул дуйно жана тигил дуйно учун иштоону буйрук кылат. Ошол себептен бул максат менен жасаган ар турдуу эмгек мактоого татыктуу. ислам женил дин болгондуктан адамзатка кучу жетпеген эч бир ишти аткарууну талап кылбайт. Ислам бир эле учурда ишенич, адеп-ахлактык системага жана ибадаттарга ээ болгон бир дин. Ал  ич дуйнонун тазалыгына , сырткы тазалыкка, айлана-чойро тазалыгына ото маани берген. Ислам тынчтыкты жана адамдар арасындагы суйуу таркатууну буйрук кылат.     

7. Илам дининин башка диндерден айырмачылыктары 

Ислам акыйкат жана жалгыз кудайдын (илахий) дини болуп, негизи кудайдын буйруктарына жана аяттарына таянат. Ал универсал, ал эми анын эрежелери буткул адамзатка тиешелуу, кыяматка чейин окум сурот. Башка диндерден айырмачылыгы анын ыйык китеби Куран эч бир озгортулбой учурубузга чейин оригинал тексти менен келгендиги. Бул Куран эн биринчи булак болуп жалгыз кудайга ишенууну негиз алган. Бул динде эч бир убакыт адамды кудайлаштыруу же болбосо анын тескерисин аткарууга да болбойт. Кудайдан башка нерселерге сыйынуу болбойт, жардам да суралбайт жана куноолордун кечирилиши учун кудайдан башкасына тообо келтирилбейт. Исламда кудай тарабынан жонотулгон буткул пайгамбарларга ишенуу зарыл болгондуктан алардын арасында эч кандай айырмачылык жок. Аз. Мухаммед сонку пайгамбар болуп мындан кийин кыяматка чейин башка пайгамбар келбейт. Адамдар бир кудайга ишенууну каалосу менен чын журоктон тасдыктоосу абзел. Улуту, тили, дини кандай болсо да кудайдын бир экендигин, Мухаммед анын элчиси болгондугун кабыл алган ар бир адам мусулман катарында эсептелет. Исламдын коз карашында бардык адамдар коомдогу катмарына, улутуна карабастан бирдей болуп эсептелет. Анын негизи тендик жана адилетуулукко таянат. Ислам эс-акылдуу адамга гана буйрулат,ошол себеп менен акылдуу адам жопкер тутулат. Ой жугуртуунун эрежелери илимдин натыйжаларына карама-каршы келбейт. 

8. Исламдын Орто Азитяга жана Турк урууларына тийгизген таасирлери 

 Ислам пайда болгондон кыска мооноттон кийин Орто Азияда тездик менен жайыла баштады, озгочо турк уруулары  эч кандай зордук-зомбулукду оз каалоолору менен мусулман болушкан. Себеби алардын эски диндерди жалгыз кудайга ишенууго таянгандыктан Исламдагы Кудайдын бир жалгыз экендиги маанисине келген Тевхидке ишенуу алар учун женил болгон. Алар Исламды кабыл алуусунан кийин маданий, саясий жана аскердик жактан онугуп дуйного белгилуу кучтуу мамлекеттер курушкан. Орто Азия узун мезгилдер бою Исламдын борбору болгон. Ислам маданияты ушул жерлерден негизделген, анткени Ислам маданиятынын эн белгилуу укукчулары, философтору жана теологдору  бул аймактагы Турк урууларынан осуп чыккан. Азыркы учурда мусулман дуйносундо жана Батыштагы белгилуу болгон илимпоздор тарабынан таанылган мусулман аалымдардын эн корунуктуулору томонкулор:

а)Ислам философтору-Ибн Сина, Фараби, Беруний.                           

б) Ислам укукчулары-Сарахсий, Али Бин Осман эл-Оший, Пездевий, Маргиланий, Тажи эш-Шариа, Садрус-Шериа                           

в) Ислам теологдору-Имам Матуридий Умар эн-Несефий, Саффар ал-Бухарий, Пездевий, Тафтазаний, Али бин Осман эл-Оший,                           

г)Математика жана Астрономия илим боюнча: Ахмет ал-Фарганий, Улугбек, Али-Кушчу, Ибн-Сина, Фарабий.                           

д) Мистика илими боюнча (суфилер) Ахмед Йесевий, Накшибендий, Юнус Эмре, Мевлана,                            

е) Мусулман адабиятчылары: Махмуд Кашкарий, Баласагундук Юсуф Хас Хажип, Алишер Навои.                           

 Кыскача айтканда Орто Азиянын илим жана маданияттын белгиси болуу доору Турк урууларынын исламды кабыл алуусунан кийинки мезгилге туура келет. Себеби турк уруулары тарых боюнча исламдагыдай башка эч бир динге чын журоктон ишенген эмес жана кызмат кылган эмес.                           

Натыйжада Кыргыздар дагы IX кылымдан баштап мусулман болушкан. Кыргыз дегенде Манас дастаны ойго келет, Манас дастаны изилденгенде анын ичинде коптогон исламдын тийгизген таасирлери байкалат. Манас эпосу, Ислам Турк адабиятынын эн корунуктуу дастандарынын бири болуп эсептелет. Азыркы кыргыз тилине жана макал-лакаптарында да Ислам маданиятынын тийгизген таасирлери сансыз коп. Ислам Орто Азиялык аалымдардын жардамы менен буткул дуйного жайылган.  

Колдонулган айрым адабияттар 

1.  Кураны Керим

2.  Gunay Tumer- Аbdurahman Kucuk, Dinler Tarihi, Ankara 1997.

3.  Huseyin Atay, Islamin Inanc Esaslari, Аnkara. 1992

4.  Аbdulvahid Hamid, Islam the Natural Way. London 1989.

5.  Muhammed Hamidulla, Islama Giris, сеv Cemal  Aydin, Аnkara 1996.        


Yorumlar - Yorum Yaz
Takvim
Saat